Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетов «Кактус» сайтынын журналисттерин сотко берээрин маалымат жыйынында билдирди.
Эске салсак бир канча убакыт мурда соцтармактарга Бишкекте 578 ACD номер тагылган автоунаанын эреже бузгандагы сүрөтү жарыяланган. Андагы айдоочуну Алмаз Мамбетов, ал эми жанындагы айымды анын орун басары деп чыгышкан.
Жетекчи мындай маалыматты чындыкка коошпой турганын айтып ал сүрөт тартылганда шаардын башка жагында болгонун билдирген. Кийинчерээк автоунаадагы номер жасалма экени жана аны башка адам айдап жүргөнү белгилүү болгон.
Мамбетов жалган маалымат таратууга журналисттерди айыптады.
“Алгач мага жана орун басарыма келип жүзүбүздү жакындан көрүп алып анан маалымат таратышса болбойбу. Малымат Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын көзөмөл жүргүзүү борборунан алынган. Бул боюнча менде далилдер жана фактылар бар. Биз муну ким жасаганын да таптык”, — деген Мамбетов азырынча бул кандай максатта жасалганын билбей турганын бирок аз күндө чындыкка ачыкка чыгарышаарын белгиледи.