Түркиянын ТИМи Нидерланиянын бийлигинин Фетуллах Гүлендин террористтик уюмунун (FETÖ) мүчөлөрүнө башпаанек жана отурукташууга уруксат берүү чечимин сынга алды.
“Нидерландиянын иммиграция жана натурализация Кызматы FETÖ мүчөлөрүнүн башпаанек сураган өтүнүчүн кабыл алып, түрк бийлиги FETÖго байланышкан адамдардын өздүк маалыматтарын ала алышат деген негизде аларга отурукташууга уруксат бергени акылга сыйгыс”, — деп айтылат түрк ТИМинин өкүлү Хами Аксойдун билдирүүсүндө.
Аксой белгилегендей 1951-жылдагы качкындардын макамы боюнча Женева конвенциясында террористтик кылмышы үчүн издөөгө алынган жарандарга качкын макамы берилбей турганы көрсөтүлгөн. Конвенция террористтердин качкын макамын кыянаттык менен пайдалануусун алдын алууга багытталган.
Ошондой эле Хами Аксой Анкара FETÖнун качкын мүчөлөрүн кайтарып алууга аракетин уланта берээрин белгилеген. “15-июлда мамлекеттик төңкөрүш жасоого камынып 251 бейкүнөө адамдардын канына забын болгон FETÖ мүчөлөрүн экстрадациялоо боюнча аракетибиз улана берет”, — деген ал.
“Бул террористтик уюм бир гана Түркияда эмес, мүчөлөрү иш аракетин жүргүзүп жаткан бардык өлкөлөр үчүн коркунуч жаратат. Эл аралык кызматташтык терроризм менен күрөшүүдө чоң мааниге ээ”, — деп жыйынтыктаган Аксой.
Түркиянын Куралдуу күчтөрүнө кызмат кылып, ошол эле убакта Гүлендин террористтик уюмуна жашыруун кирген аскер кызматкерлеринен турган топ 2016-жылдын 15-июлдан 16-июлга караган түнү өлкө бийлигин куралдуу басып алууга аракеттенген. Алардын максаты өлкө жетекчилигинин, укук коргоо кызматтарынын жана катардагы жарандардын аракети менен ишке ашпай калган. Окуяда 251 адам курман болгон.