Кыргызстанда дарыгер жана мугалим болуп иштеген жарандардын пенсиясы араң дегенде 4 миң сомго жетет. Бул айрым депутаттардын бетин кызартып баштады.
Парламент жыйынында Евгения Строкова өмүр бою дарыгер же мугалим болуп иштеп жүрүп пенсияга чыккан жарандар арзыбаган акча алышаарын белгиледи.
“Мен алардын пенсиясы үчүн уялам. Пенсияга чыгышкандан кийин акчасын айдан айга жеткире албай кыйналышат”, — деди ал.
Депутат Иса Өмүркулов өкмөттү каржы булактарын издеп, бюджетте иштеп пенсияга чыккандарга берилчү акчанын көлөмүн көбөйтүүгө чакырды.
Белгилей кетсек айрым маалыматтарга караганда өлкөдө бюджеттик негизде иштегендердин төмөнкү маянасы 5 миң, ал эми пенсиясы1 173 сом.