Воскресенье, 24 ноября

60 жаштагы миллионер айым өзүнө өмүрлүк түгөй издөөдө — Видео

0

“Давай поженимся!” шоусунун мурдагы катышуучусу Дороти дагы көрсөтүүгө катышып аз жерден эфирди үзгүлтүккө учурата жаздады.

Миллионер курбусунун мураскерине айланган 60 жаштагы аял көрсөтүүнүн ноюярь айындагы чыгарылышында өзүнө түгөй табууга аракеттенген. Ал шоунун алып баруучуларын ушунчалык жадаткандыктан алар финалды күтпөй эле студиядан кеткиче шашышкан. Доротинин сезимине талапкерлердин бири 61 жаштагы Александр болгон бирок айым аны жактырбай, ал турмак сюрприз-номерин да үзгүлтүккө учураткан.

Декабрдагы көрсөтүүдө Александр башкы каарманга айланып, өзүнө өнөктөш издөөгө чыккан. Биринчи талапкерден кийин сьемка аянтына Дороти чуркап чыккан. “Мен сенин сүйүктүүңмүн, сен мени ургансың, куураткансың, колуктуңмун”, — деп кыйкырып эфирди үзгүлтүккө учурата жаздаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз