Бүгүн, 19-декабрда Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун «Азаттык» , Kloop жана 24.kg сайттарына койгон доо арызы каралып атат.
Анда Матраимовдордун кызыкчылыгын коргогон адвокаттар сотко айыпталуучу тараптар иликтөөнү кайсы журналисттер жүргүзгөнүн ачык айтуусун талап кылуу өтүнүчүн келтирди. Процесске судья Жылдыз Ибраимова төрайымдык кылууда.
Эске салсак аталган маалымат каражаттары Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 миллион доллардын изине түшкөн иликтөө жүргүзгөн жана ага Райымбек Матраимовдун байланышы бар деп тапкан.
Ошондой эле адвокаттар сотко журналисттик иликтөөдөгү бардык материалдар берилиши керек деген талапты карманышты.
Ал эми “Азаттыктын” адвокаты мындай өтүнүчтү четке кагууну соттон суранды. Айтымында журналисттердин ысымын ачык айтуу алардын коопсуздугуна коркунуч жаратат. Ал белгилегендей ММКлар тууралуу мыйзамга ылайык ар бир редакция иликтөө жүргүзүүгө укуктуу жана кандай макалаларды жарыялоону өзү билет.
Сот маалымат каражатынын адвокатынын өтүнүчүн кабыл алып Матраимовдор тарабындагы жактоочунун талабын канааттандырган жок. Кийинки процесс 20-январга белгиленди.