Суббота, 23 ноября

Абакта жазылган билдирүү. Сагымбаев өз чындыгын жарыялады

0

Атамбаевдин мурдагы күзөт кызматынын башчысы, УКМКнын Тогузунчу кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев Кой-Таштагы окуяны териштирген мамлекеттик комиссиянын корутундусун жалганга чыгарды. Ал бул тууралуу билдирүү жазып адвокаты аркылуу тараткан.
Анда Сагымбаев мамкомиссиянын жалган жана апыртма корутундусуна макул эместигин белгилеген.

“УКМКнын жетекчилиги мен жана менин милдеттерим тууралуу парламентке маалымат берип жатканда калп айтты. Мыктыбек Абдылдаев: “Сагымбаев өз милдетин аткардыбы? Ал алдын ала эскертилди беле?” – деп сураган. УКМКнын жетекчилиги көз ирмебей туруп “ал алдын ала эскертилгенине карабай милдетин аткарган жок”, — деп айтышты. Эл жана мамлекет мына ушундай чындыкты айтып өзүнө жоопкерчилик алуудан корккон жетекчилерден кандай жакшылык күтө алат?” – деп жазган.

Анын айтымында Кой-Таш окуясы болгон күнү УКМК эки башка өңүттөгү буйрук берген. “Альфа” кызматкерлерине “экс-президентти кармап алып келүү”, ал эми Сагымбаевге “объектти кайтаруу”.

“Мен өз кызматтык милдеттеримди так аткардым жана объектти аман-эсен тапшырдым, анын башынан бир тал чач да түшкөн жок”, — деген мурдагы күзөт башчысы.

Андан ары Сагымбаев окуяда курман болгон атайын бөлүктүн командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбековдун өлүмү боюнча корутундуга да шектенип жатканын белгилеген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз