Фейсбуктагы баракчасына Дастан Үмөтбай уулу аттуу колдонуучу Ош шаарындагы кафелердин биринин сыртында кадалган сүрөттү жарыялады. Анда тамактануучу жайда ичимдик ичүүгө, тамеки тартууга жана аялдар менен чогуу кирүүгө тыюу салынган белги турат.
“Күндүн сүрөтү: Ош шаарындагы чайканалардын биринде аял кишилердин кирүүсүнө тыюу салган белги” – деп жазган сүрөткө колдонуучу.
Бул албетте башка колдонуучулардын нааразычылыгын жаратты. Мындай кылуу Кыргызстандын Баш мыйзамына каршы келээрин белгилешти. Ошондой эле арасында “ырас кылыптыр” дегенсигендер да жок эмес.