Депутат Евгения Строкова Ширин Айтматова көп сыр катылган кеңеш берди. Ал кеңешин Элгезит сайтынын Ширин Айтматованын күйөөсүнүн Алматы абамайданынан жоголгону тууралуу жазылган макаласынын алдына комментарий катары калтырган.
“Бул үй-бүлө иштери менен алектенүүгө жана үй-бүлө очогуна кайтууга себеп. Клубдар сени жакшы убакка чейин күтө турат, Ширин! Анан да кыздарың тууралуу ойлон. Эне балдарына адеп-ахлак жаатындагы башкы үлгү, айрыкча кыз балдарга!” – деп жазды депутат.