Бишкектеги ооруканалардын бирине кечээ, 19-декабрда 15 жаштагы өспүрүм оор абалда жеткирилген. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдүн денеси күйгөн. Ал Кант шаарынын тургуну болгон.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматын караганда өспүрүм бүгүн эртең менен көз жумду.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча бала компьютер жарылып кеткендиктен күйүп калган. Учурда окуянын эмнеден чыкканы иликтенүүдө.