Суббота, 23 ноября

Саммитке Токаев эмес Назарбаев барды

0

Санкт-Петербургда өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин саммитине Казакстандын атынан мурдагы президент Нурсултан Назарбаев катышат. Бул тууралуу президенттик администрациясы маалымат таратты.

Ноябрда Ташкентте өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын саммитине да Назарбаев барган. Май айында Нур-Султан шаарында өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында Назарбаевге кеңештин ардактуу жетекчиси макамы берилген.

Кремль 20-декабрда Евразия экономикалык кеңешинин жыйынынан тышкары Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) өлкө башчыларынын бейформал жолугушуусу да өтөөрүн жарыялады.

Президенттик администрациянын маалыматына караганда өлкөнүн учурдагы президенти Касым-Жомарт Токаев бул күнү «коомдук ишеним кеңешинин» жыйынына катышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз