Суббота, 23 ноября

Түрк тилдүү мамлекеттердин бирдиктүү медиа-порталын түзүү идеясы ишке ашууда

0

2019-жылдын май айында Түрк кызматташтык кеңешине мүчө-мамлекеттердин Азербайжандын борбору Бакы шаарында болуп өткөн жыйынында бирдиктүү медиа портал түзүү боюнча чечим кабыл алынган болчу. Анткени түрк тилдүү мамлекеттер эң оболу бири бири менен маалымат алмашууга, боордош өлкөлөрдөгү болуп жаткан ар кандай окуяларды билип турууга да муктаж.

Ал  идея акырындап ишке ашырылууда. Бул багытта жакында Түркиянын мамлекеттик ТРТ телерадиокомпаниясынын демилгеси менен Түркияда аталган биримдикке мүчө болгон маалымат каражаттарынын жетекчиликтери жолугушуп, алгачкы кадамдарды башташты. 

Аталган иш чарага катышкан Кыргызстандын мамлекеттик “Пирамида” телеканалынын башкы продюсери Ырыс Иметалиеванын айтуусунда, Анкара шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин медиа өкүлдөрү чогулушуп, буга чейин кол коюлган документти иш жүзүнө ашырууну талкуулашты. “Пирамида телеканалынын атынан бул иш чарага мен алгачкы ирет катышып жатам. Мурда кол коюлган документте жакшы пландар түзүлгөн экен. Ал маалымат айдыңында  биримдикте болуп, орток иш жасоо, баардык тармактарда бири-бирибизге жардам берүүнү макулдаштык”,- деди ал.

Ал эми Кыргызстандын дагы бир мамлекеттик ЭлТР телеканалынын директорунун орун басары Жүмамүдүн Сулайманкулов да Анкарадагы ал жыйынга катышып келген. Анын маалыматына ылайык, ушул жылдын май айында Бакыда түрк тилдүү мамлекеттердин маалымат каражаттарынын бирдиктүү медиа базасын түзүү чечими кабыл алынган. Анда тарых, тарыхый инсандар, мамлекеттердин социалдык-экономикалык абалы, маданият, спорт, айтор баардык темаларда материалдар чогултулуп, бири-бирине таратылат. “Бул биримдикке Кыргызстандан Коомдук биринчи канал, “Пирамида, ЭлТР телеканалдары жана “Кабар” мамлекеттик агенттиктери кол коюшкан. Бүгүн биз экинчи отурумга чогулуп, обмендерди алышып, баардыгыбыз паролдорду алып, ар бир ММКнын жооптуу кызматкерлери дайындалды. Жогоруда айтылган темалардан тышкары түрк мамлекеттеринде болуп жаткан ар кандай маданият, искууствого арналган иш чаралар ТРТ-Аваз каналы аркылуу башка түрк жана Европа, дүйнө элдерине көрсөтүлөт. Мисалы, жакында эле Ош шаары “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эстафетасын татыктуу өткөрдү. Бул иш чараны ЭлТР телеканалы менен биргеликте ТРТ-Аваз да дүйнө жүзүнө чагылдырууга чоң салым кошту. Жаңыдан түзүлүп аткан медиа порталдын иши ушундай натыйжалуу болуп, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан, Казакстан жана башка түрк тилдүү мамлекеттердеги окуяларды башка мамлекеттерге жеткирип турушу керек”,- деди. 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз