Өмүрбек Бабанов «Media center» каналына эмне себептер партия лидерлигинен баш тартканын чечмелеп берди. Ал Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты, премьер-министр жана президентке талапкер болгонун белгилеп, буларды саясаттагы башкы жетишкендик катары баалаган.
“Саясаттагы бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаландым. Эл өз тандоосун жасады. Шайлоонун жыйынтыгын мен билем. Саясаттын чокусуна жеттим, эми башка иштер менен алектенем. Бул менин чечимим”, — деген Бабанов.
Бүгүн “Республика” партиясынын кезексиз съездинде партия лидерлигине Мирлан Жээнчороев шайланган жана Бабанов лидерликти өз эрки менен өткөрүп бергени айтылган.