Америкалык Мичиган штатында Дора Фрончактын уулу 55 жыл мурда уурдалып, бул өз кезегинде чоң чууга айланган. Бул тууралуу Известия жазып чыкты.
1964-жылдын апрель айында Чикаго шаарынын тургуну Дора Фрончак уулдуу болгон. Кийинки күнү ал жаткан палатага медайымга окшош кийинген аял башбаккан. Ал ымыркайды дарыгерге алып бараарын айткан да көтөрүп чыгып кеткен. Андан кийин белгисиз аялды да, ымыркайды да эч ким көргөн эмес.
Ымыркайды полиция, ФБР, ал турмак почточулар да издешкен. Эки жылдан кийин Нью-Жерсиде Дора Фрончактын жоголгон уулуна окшогон кароосуз баланы табышкан да, энесине кайтарышкан.
Бирок арадан бир топ жыл өткөндөн соң, 2014-жылы генетикалык тестирлөө Фрончак башка бирөөнүн баласын багып чоңойтконун аныктаган. ФБР кайрадан издөө иштерин жандандырган.
Бир нече ай мурда агенттер акыр аягы аялдын жоголгон уулун табышкан. Маалым болгондой киши башка ысым менен Мичиган штатынын чакан шаарында жашайт. Ал 55 жашта, рак оорусуна чалдыккан. Иликтөөлөр аягына чыга элегине байланыштуу кишинин өздүгү жана аны уурдаган адамдын максаты тууралуу маалымат жок.
Бул ата-энелердин уурдалган ымыркайларын арадан нечен жыл өткөндөн кийин тапканынын биринчи окуясы эмес. Мисалы 2018-жылы Кытайдын Цзыгун шаарында бийлик аялга 32 жыл мурда тарттырып жиберген кызын кайтарууга жардам берген. 1986-жылы аялга аткаминерлер анын үй-бүлөчү экинчи жана үчүнчү баланы төрөөгө укуктуу болбогонун айтышып, эки айлык кызын алып кетишкен.