Кыргызстанда коррупция менен күрөш эгемендик алган жылдардан эле башталып, так ошол жылдардан тартып коррупция өнүгүүнүн үстүндө келатат. Канчалык коррупцияга күрөш жарыяланган сайын ошончолук бул жети баштуу желмогуздун элесин берген алдым-жуттумдук күчөгөндөй.
Өлкөнүн жалпы саламаттыгын начарлаткан негизги дартына айланган коррупцияны жоюуга ар бир келген президент киришкени тарыхтан маалым. Мисалы туңгуч президент Аскар Акаев “коррупция- мамлекеттин коопсуздугу үчүн башкы коркунучтардын бирине айланды” деген. Ал эми Бакиевдин өз кезегинде “биздин көптөгөн экономикалык жана башка маселелерибиздин башаты коррупцияда, тууганчылдык байланыш жана коррупция колу-бутубузду тушап койду”, — дегени бар. Үчүнчү президент Атамбаев “коррупция менен күрөш өлкөнүн башкы приоритеттердин бирине айланууга тийиштигин” белгилеген. Учурдагы өлкө башчысы Жээнбеков да кызматка кирише электе эле коррупциянын тамырын жулууга камынган. Президенттикке талапкер кезинде 35 ири коррупционердин тизмеси колунда турганын айтып, өлкө башчысы болуу буйруп калса алардын жеп-ичкенин казынага кайтартып, анын жардамында мугалим менен дарыгерлердин айлык маянасын көтөрүүнү убадалаган. Шайлоодон кийин: “Коррупция менен күрөш бүткүл элдик мүнөзгө ээ болуусу керек. Ал бир гана укук коргоо органдарындагы коррупция менен күрөшүүдөн турбайт. Биз бардык тармактагы – бийликтин эң бийик эшелонунан тартып ар бир айлык аймагына чейин бул күрөштү жайылтуубуз керек. Коомчулукту коррупция сындуу дарттан тазалашыбыз керек”, — дегени эсибизде турат.
Бирок ар бир жолку президент билек түрө киришкени менен күрөшүүнүн жыйынтыгы ушул убакка чейин боло элек. Бир убактарда коррупция менен күрөшүүнун натыйжасы коррупцияга малынган тармактагы кызматкерлердин маянасын көтөрүү менен болоорун белгилегендер да табылган. Сот кызматкерлеринин, бажы тармагынын дагы башка коррупцияга малынуу боюнча алдыңкы катардагы кызматтардын кызматкерлери жогорку маяналуу болсо, “курсагы ток бала жутунбайт” дегендей эле көз караш жаралган. Андагы пикир ээлеринин божомолуна таянганда капчыгы калыңдарга ашыкча акча керек болбой калат. Бирок жакында парламент жыйынында бажы тармагынын чыгашасына ири сумма бөлүнгөнү менен ишинин жыйынтыгы дагы деле жакшы болбой жатканы айтылды. Дагы деле өлкөдө контрабандалык жол менен киргизилген, демек өлкө экономикасына салымын кошпогон товарлардын көбөйгөнү күчүндө экен. А болбосо бажы тармагынын чыгашасына көбүрөөк акча бөлүүнү так ушул “курсагы ток болсо өлкө үчүн иштейт” принцибине таянгандар ойлоп табышкан болчу. Алар кыргыздар “ашык дөөлөт баш жарбайт” түшүнүгү менен жашашаарын унутуп калышкан окшойт. Андан башка “май кармаган бармагын жалайт” деген түшүнүк да бар. Айлыгың жогорубу, жокпу айырмасы жок – майлуу кызматта отурсаң сөзсүз бармагыңды жалашың керек. Коррупция менен күрөшүүдө биринчи кезекте так ушул түшүнүктөр жашооңду сапырып жиберчү коркунуч экенин далилдөө зарыл. Далилдеш үчүн чечкиндүү чаралар көрүлүшү керек эмеспи. Сөз жүзүндө коррупция менен күрөш жүрүп жатканы менен иш жүзүндө УКМКнын ай сайын тараткан маалыматындагы коррупция менен күрөшүүдөн казынага баланча каражат түштү деген сумма гана көрүнөт. Ал сумма коомчулук билген ири коррупциялардын жанында океандын тамчысына айланып калат.
Ошондуктан 2020-жылды коррупцияга каршы күрөш жылы деп жарыялоо зарыл. Бул маселе кокодон алып, өлкөнүн алдыга жыла албай бир орунда нечен жылдан бери тегеренип келатканынын башкы себеби болгон чакта бир жылды толугу менен анын тамырын кыркууга арнасак туура болмок. Мына ошондо бийликтин коррупция менен күрөшүүгө дарамети канчалык жетет, эрки барбы же жокпу – ачыкка чыкмак. Карапайым элдин ырыскысын кыркып, мамлекетти артка тарткан коррупцияга чындап күрөш жарыялоо убагы келди. Буга чейинки жылдар көп орчундуу маселелерге арналды, бирок аларды ишке ашыруу айланып келип эле кендирди кескен коррупцияга такалып жатканын көрдүк. Аймактарды өнүктүрүү, адеп-ахлак, тарбия, маданият жана тарых – буларды коррупцияны жоюу менен эле алдыга чыгарууга болот. Биздин бардык көйгөй – коррупцияда.