2020-жылы Кыргызстанда калкты жана турак-жай фондун каттоо жүргүзүлөт. Улуттук статистикалык комитетинен билдиришкендей эл каттоо бул эч кандай тастыктоочу документтерсиз эл оозунан калк боюнча бардык мүнөздөмөнү алуунун жалгыз булагы болуп саналат.
Анын жыйынтыгында өнүгүүнүн демографиялык, социалдык-экономикалык болжолун аныктоого, зарыл чараларды көрүүгө, бюджетти түзүүгө, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият жана спорт тармактарында жетиштүү каражат бөлүүгө болот. Эл каттоодон алынган маалыматтардан шаарлардагы жана аймактардагы инфраструктуралык объектилердин курулушу көз каранды.
“Жарандар тууралуу алынган маалыматтар ачыкка чыгарылбайт, анын катарында мамлекеттик кызматтарга жана башка уюмдарга берилген маалыматтар да ачыкка чыгаруу үчүн эмес корутунду жасоо үчүн пайдаланылат”, — дейт Улуттук статистикалык комитети.
Эгер маалыматтар ачыкка чыгарылса жооптуу тарап мыйзамга ылайык жазага тартылат.
Белгилей кетсек эл каттоо келерки жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин болот. Айрым аймактарда 20-марттан 20-апрелге чейин.