Санкт-Петербургда болгон мамлекет башчыларынын саммитине барган президент Жээнбеков кайтып келүүдөн бир аз кыйналды. Мамлекет башчыны ташыган учактын техникалык мүчүлүштүктөрүнөн улам учуу бир нече убакытка кармалды.
Экс-депутат Өмүрбек Абдырахманов “президент каттамдагы учак менен учуп КМШ өлкөлөрүнүн президенттерине үлгү болуш керек эле” – дейт. Ал мындай пикирин Фейсбуктагы билдирүүлөрүнүн биринин алдына калтырды.
Андан ары экс-депутат президенттин жана анын жандоочуларынын катардагы каттам менен учканы бюджетке канча үнөм болоорун мындайча эсептеди:
“Эски учак үчүн жылына 1 миллион доллардай акча бөлүнөт… А эгер рейстеги учактын бизнес классы менен учса бул акчага 5 миң доллардан билет алса 200 жолу учууга жетмек. А президент ашып кетсе тышка 10 жолу учат. Ошондо 50 миң доллар кетмек. Макул, коштоосу менен 100 миң доллар кетсин. 900 миң доллар эконом болмок».