Понедельник, 25 ноября

Дастан Шаршеевдин Түркиядагы жеңиши

0

Кыргызстандык балбан Дастан Шаршеев эл аралык Abadan FC 9 турниринде жеңишке жетишти.
Турнир 22-декабрда Түркиянын борбор калаасы Стамбулда өткөн. Программада 13 беттеш болгон. 70,3 кг салмак категориясында Дастан Шаршеев Белорусиядан келген спортчу Александр Михайлин менен күч сынашкан. Бул күндүн башкы таймашына айланган. Биринчи мүнөттө Шаршеев атаандашына катуу сокку берди, мындан улам белорусиялык спортчу беттешти уланта албады. Калыс муну техникалык нокаут деп тапты.

Дастан Шаршеев буга чейин Москвада 2018-жылы өткөн таймашта жеңишке жетишкен. Ушул жылдын февралында кикбоксинг боюнча профессионалдардын арасында дүйнө чемпиону болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз