Воскресенье, 24 ноября

Жол жүрүү билеттин сатып алыңыз да он жолу бекер учуңуз

0

Austrian Airlines компаниясы учактарына жол жүрүү билеттерин киргизгенин жана ал Европага болгон бардык каттамдарда колдонулаарын Avianews порталы жазып чыкты.

Анда айтылгандай авиациялык жол жүрүү билети Венадан учкан жана Венага келген он каттамда жүрүүнү камсыздайт. Билеттин мөөнөтү бир жыл. Билетти сатып алган адам бул убакыт аралыгында 10 каттамга жеткенге чейин аталган авиакомпаниянын учактары менен каалаган жагына учуп кете берет. Каттамдар Европанын 60ка жакын шаарына багытталган, аны менен катар Киев, Одесса, Днепр, ошондой эле Мароккодогу Марракеш жана Армениядагы Ереван да бар.

Austrian Airlines жол жүрүү билетинин эки түнүн киргизген, биринчиси City Pass – Вена жана тандалган шаарлардын бирине болгон сапарды камтыйт, экинчиси Europe Pass – Венадан 60 шаардын арасындагы каалаган шаарга учууга мүмкүнчүлүк беоет. Билеттин минималдуу баасы City Pass – 449 евродон башталат, ошондо бир каттам 45 еврого тең келет. Ал эми Europe Pass – 799 евродон жогору, бул бир каттамга 80 евро.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз