Четверг, 19 сентября

Россия Кыргызстандан мал этин киргизүүгө чектөөнү алып салды

0

Россия Кыргызстандан мал этин киргизүүгө чектөөнү алып салды

Россия Федерациясынын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөө боюнча Федералдык кызматы 2007-жылда коюлган убактылуу коюлган чектөөсүн алып салды.

Бул Кыргыз Республикасынын аймагындагы шарп ылаңы боюнча эпизоотиялык абалдын жакшырышына байланыштуу болууда. 2007-жылда коюлган чектөөнү алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын директору Калысбек Жумакановдун орусиялык кесиптеши, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Россия федералдык кызматынын жетекчиси Сергей Алексеевич Данкверт менен бир нече ирет жолугушууларды өткөрүүсүнүн натыйжасында жүзөгө ашты.

Кыргыз тарап акыркы 3 жылдын ичинде Кыргызстандагы эпизоотиялык абалдын жакшырышына жетишүүсү буга далил боло алды. Убактылуу чектөөнүн алынуусу менен эми Кыргызстандын чийики эти ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн жана Россиянын аймагында сатылуусуна шарт түзүлдү жана алдыда дагы бир топ ишканалардын, фермерлердин экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

Өз учурунда Кыргызстандын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы тарабынан этти экспортоого мүмкундук алууга кыргыз ишкерлерине көбүрөөк шарт түзүп берүүнү башкы максат катары коет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз