Мурдагы мэр Кубанычбек Кулматов эркиндикке чыкса да соттун чечимине нааразы бойдон калды. Журналисттердин суроосуна жооп берип жатып ал: “Мен айыптуу бойдон калдым, бул такыр болбогон нерсе. Сот чечимине нааразымын. Калыс эмес чечим чыгарды. Мындай чечимди күткөн эмесмин”, — деди.
Ал сот чечиминин үстүнөн жогорку инстанцияларга арызданаарын кошумчалады.
Эске салсак бүгүн Ленин райондук соту Кубанычбек Кулматовду 5 миллион сом айыппулга жыкты жана сот залынан бошотту. Ал коррупция боюнча айыпталган.
Ал эми дагы бир мурдагы мэр Албек Ибраимов 15 жылга кесилди.