Асылбек Жээнбеков Бишкекти ыш эмнеден улам каптап жатканын чечмелөөгө аракеттенди. Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутат түтүндүн көбөйүшүнө автоунааларды айыптоонун кереги жоктугун айтты.
“Абанын булганышына көмүрдүн туура эмес тандалганы себеп болуп жатат. Бул жерде автоунаалардын тиешеси жок. Мындан ары мурдагыдай эмес, сапаттуу көмүр алып келишет. Ош шаарында деле автоунаа көп. Бирок шаарды түтүн каптабай эле турат. Маселеге туура аныктама кое билмек чечүү да оңой болот”, — деди Асылбек Жээнбеков.
Эске салсак Бишкекти жылытуу мезгили келгенден баштап түтүн каптап жатат. Шаардын айрым аймактарында абанын булганганы нормадан бир нече эсе ашкан. Бул айрыкча Ош базарынын тегерегиндеги аймакка таандык экени айтылууда.