Россиянын аралаш стилдеги балбаны Хабиб Нурмагомедов балдар үйүнүн тарбиялануучусу Ярослав Троценконун кыялын орундатты. Бул тууралуу Mash Телеграмм-каналы жазып чыкты.
Анда айтылгандай бала беш жылдан бери Нурмагомедовду жанынан көрүп, пикир алышууну кыялданып келген. Ал балбан менен Жаңы жыл алдында жолугушууну жооруп “Каалоолордун балатысы” долбооруна кат жөнөткөн. Аталган долбоор жетим балдар жана балдар үйүнүн тарбиялануучулары үчүн кайрымдуулук акцияларын ишке ашырат.
Жыйынтыгында баланын көптөн күткөн тилегин долбоор орундаткан. Троценко Нурмагомедов менен жолугушкандан кийин көпкө нес абалында болгонун, кыялы ишке ашканына ишенип-ишене албаганын айтып берген. Белгиленгендей бала да спортко ыктап, келечекте белгилүү спортчу болууну максат кылат.
“Ошол күнү түндө уйкум качып такыр уктай албай койдум. Мен аябай берилип машыгып баштадым, жеңиштерге жетишип, Нурмагомедов менен дагы бир жолу жолугушкум келет”, — деген бала.
Хабиб Нурмагомедов – жеңил салмактагы UFC чемпиону. 18-апрелде ал титулун үчүнчү ирет коргоого күч сынашат. Анын бул жолку атаандашы – америкалык Тони Фергюсон.