Понедельник, 25 ноября

Президент “Бабановго өзүнүн чындыгын далилдөөгө эң сонун мүмкүнчүлүк түзүлдү” дейт

0

Учурда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйыны болууда. Журналисттердин суроосуна жооп берип жатып мамлекет башчы Бабанов темасына токтолду.

“Бабанов чоң саясатта жана чоң бизнесте жүрдү. Жакында иш сапарында жүргөнүмдө уктум партиясынын съездин өткөрүп, лидерликти досу, партиялашы Мирлан Жээнчороевге өткөрүп бериптир. Бабанов маселеси чоң бизнес менен чоң саясаттын кызыкчылыгынын алмашып кеткенинин накта жүзү. Ага козголгон бир топ иштер бар экен, экономикалык дагы, тергөө жүрүп жатат, ага катышып өз чындыгын далилдесин. Ага өзүнүн ак экенин көрсөтүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк түзүлдү”,– деди президент.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз