Понедельник, 25 ноября

Жээнбеков журналисттерге: Эркинсиңер, бирок аша чаппагыла

0

Президент Жээнбеков журналисттер менен жолугушуусунда сөз эркиндиги боюнча маселеге да кайрылды. Ал сөз эркиндиги өлкөдө болушу зарылдыгына басым жасады, бирок ошол эле убакта Кыргызстанда башка өлкөлөргө салыштырмалуу эркиндик алда-канча көп экенин да белгиледи.

“Салыштырып караганда деле Кыргызстандагыдай сөз эркиндиги башка көп мамлекеттерде жок. Каалаганыңарды жазып атасыңар, каалаганыңарды айтып атасыңар, бириңерге да мен жана президенттик аппарат тарабынан бычып-ченөө, аны жазба, муну жаз деген көзөмөлдөө болгон жок. Мен президенттикке ат салышып жатканда маалымат каражаттарынын бири “радикалдуу исламды колдойт” деген мааниде макала жарыялаган. Мен аны сотко бергем. Бирок президент болгондон кийин доо арызымды кайтарып алдым. Анткени ММКлар эркин болушу керек. Бирок эркиндик десе аша чаппагыла, эркиндик – чоң жоопкерчилик”, — деди президент.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз