Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин коңшу өлкөлөрдө футболдун өнүгүп жатканына көз артып жата бербей өз өлкөбүздөгү спорттун бул түрүн өнүктүрүү зарылдыгын айтты.
Ал белгилегендей Тажикстанда жана Өзбекстанда уландар арасындагы дүйнө чемпионатына катышкандар бар, анткени аларда инфраструктура жаатында маселе жок. Коңшу өлкөлөр эгемендүүлүккө жетишээри менен спорт залдарын, аянтчаларын куруп башташкан.
“А бизде эч нерсе жок, эч нерсе курбадык. Эми отуруп алып алардын өнүгүп жатканына көз артканды адат кылдык”, — деди ал.
Машыктыруучу футбол борборун курууну сунуштады. Айтымында бул тарыхта калууга уникалдуу мүмкүнчүлүк болуп берет.
“Бул федерациянын каалоосу эмес, учурдун талабы. Албетте акча асмандан түшпөйт, юридикалык да маселелер бар – аракет кылыш керек. Президент Сооронбай Жээнбеков спортту, инфраструктураны өнүктүрүүнү колдой турганын билдирген. Борбор курулуп калса келечекте анда 2-5 миңге чейин адам спорт менен машыга алат”, — деген Крестинин уландар спортун өнүктүрбөсөк бүгүнкү кыргыз спортунун ийгилигине эртең чекит коюлуп калаарын эскертти.