Жаныбек уулу Эрмек аттуу жаранга издөө жарыяланды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда изделип жаткан Жаныбек уулу Эрмек 1997-жылдын 11-августунда Өзгөн шаарында төрөлгөн. Ал 70 жаштагы чоң энесине бычак сайды деп шектелип жатат.
Эске салсак 12-декабрда улгайган аял бычактан алган жарааты менен ооруканага түшкөнү кабарланган.