Воскресенье, 24 ноября

Бекназаров акыры көздөгөнүнө жетти

0

Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка караганда тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Эске салсак кечээ президенттик маалымат жыйында Сооронбай Жээнбеков Азимбек Бекназаровго жогору баа берип, ал элчилик кызматтын өтөөсүнө чыгаарына ишенгендиктен бул кызматты өзү сунуштаганын айткан.

Ага чейин Азимбек Бекназаров президент ага Түркия жана башка өлкөлөргө элчи болууну сунуштаганын, бирок андан баш тартканын айтып келген. Кийинчерээк кызмат берсе кабыл алаарын билдире баштаган болчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз