Воскресенье, 24 ноября

Бишкектеги түтүн депутаттардын нервине зыян келтирүүдө – Видео

0

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Бишкектин абасынын булганышы боюнча маселенин тегерегинде талашып-тартышышты. Башка талаштардан айырмасы – бул сапар эл өкүлдөрү бири бирине жулунуп, муштум көрсөтүүгө чейин жетишти.

Депутат Марлен Маматалиев “Бишкек шаарынын абасынын булганышынын деңгээлин азайтуу чаралары тууралуу” токтом долбоорунун демилгечиси болду. Бирок анын пленардык жыйында каралышына кээ бир депутаттар каршы чыгышты. Кожобек Рыспаев токтом долбоорун биринчи тармактык комитети карашы керектигин белгиледи эле, Маматалиев буга макул болбой комитеттерде каралып, пленардык жыйынга келгиче кыш бүтүп жаз келип калаарын айтты.

Ошентип Бишкектеги түтүн бир гана адамдардын ден соолугуна гана зыянын тийгизбей, депутаттардын нервине да терс таасир “бере баштаптыр”.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз