Кечээ Москванын Кызыл аянтындагы музда Түнкү хоккей лигасы таймашы өткөрүлдү. Ага президент Владимир Путин да катышты. №11 салттык формасы менен музга чыккан президент баштаган хоккеисттер тобу жыйынтыгында 8:5 эсебинде жеңишке жетишти.
Бул тууралуу РИА Новости маалымат таратты.
Анда айтылган Путин менен бир командада коргоо министри Сергей Шойгу, хоккеисттер Павел Буре, Валерий Каменский, Сергей Федеров болгон.