Воскресенье, 22 сентября

Чычкан жылын кантип тосуу керек?

0

Жаңы 2020-жыл келээрине саналуу күн калды. Бул жандык өтө кыймылдуу жана амалкөй гана болбостон акылдуу дагы. Ал өзүнүн пландарын жана каалоосун ачыкка чыгарбайт. Кимдир бирөөгө бул мезгил абдан оор сезилиши мүмкүн, а кимдир бирөө эмоциясын башкарууга үйрөнүп, жаңы жагдайдын ыңгайын тез табат. Жашоонун бардык тармагында жана ишмердүүлүгүндө “Иллюзияны азайтып, реализмди көбөйт” урааны болууга тийиш.

2020-жылды тосуунун алдында Чычкан менен таанышып алуу керек. Анын зооту катуу, андыктан жыл ичинде көптөгөн маселелер менен жагымсыз нерселерден тез кутулуу мүмкүн. Ал үчүн башкы нерсе – ички жыйнактуулук жана тынчтык. Келе жаткан жылы көптөрдүн тагдыры башынан бутуна оодарылат десек болот, так ушул нерсе көп принциптерге башкача кароого үйрөтөт.

Чычкан табиятынан лидер жана башкаруучу, ал баарын өзүнө баш ийдиргиси келет. Бирок эгер 2020-жылы ким даанышмандыкка басым жасаса анда катаклизм болбойт. Бул жандыкка жагынуу үчүн тер чыккыча иштөө керек.

Каржы

2020-жыл каржы жаатында ийгиликтүү болот. Акчаны ишканага, долбоорлорго, кайрымдуулук фонддоруна салыш керек. Баары пайыздап кайтып келет, анчалык көп эмес чыгашаларга кайгыруунун кереги жок. Көп адамдар бул жылы кыймылсыз мүлктү ийгиликтүү сатып же ала алат, кимдир бирөө үйүнө оңдоо иштерин баштайт же пландайт. Карьера дагы бир орунда турбайт, жаңы горизонтту багындырып, жаңы билимге ээ кылат. Чычкан эч кимден мүмкүнчүлүктү аябайт, болгону баамчыл болуңуз.

Жалпы көрүнүш

Албетте биринчи кезекте интерьерге салтанаттуу маанай тартуулоо керек. Жакындарга белек даярдап, чоң майрамды баштаңыз. Менюда эң бир даамдуу, тоюмдуу даамдар болушу кажет. Келе жаткан жылдын ээсине такыр жакпаган нерсе – ачкалык. Ошондуктан дасторкондо ар түрдүү даамдар, суусундуктар, мөмө-жемиш жана жашылчалар болсун. Жандыкты чын дилдер эт, балык, жаңгак, торт, шоколад, коктейль жана компот менен тоюндуруу ашыкча болбойт. А эң негизгиси дасторкондун сыйлуу жерине чычкандын эң сүйгөн азыгы – сырга орун бериңиз.
Кандай түстөгү кийим керек?

Чычкан ачык түстөрдү сүйөт. Башкы түс- ак. Эгер 2020-жылды тосууда кандай кийинсем экен деген маселе жаралса ак, боз сыяктуу тынч өңдөрдү тандаңыз. Эгер кийимге же интерьерге кара өң кошууга туура келсе анда ал чеги менен болушу зарыл. Сырткы образды майда-чүйдөсүнө чейин ойлонуңуз – сымбатты чыгарган, олуттуу жана тектүү стиль, жарашыктуулук зарыл. Аксессуарлардан — жаркыган брошка, өзгөчөлөнгөн тагынчактар, заколка. Жасалгалар жагымдуу болсун бирок өтө эле “кыйкыргандардын” кереги жок. Чычкан жылтырактарга кызыгат.

Эмнеден качуу керек?

Эгер сиз ырым-жырымга ишенбеген учурда деле кайсы бир “эрежени” сактап коюудан эринбеңиз. 2020-жылды анын 12 айында өзүңүздү комфорттуу сезүү үчүн Жаңы жыл түнү бир катар нерселерди жасагандан качыңыз:
-идиш жуумай жана сындыруу;
-дасторкондо отуруп кимдир бирөө менен талашуудан жана урушуудан;
-аз сандагы даамдарды коюудан;
-желбей калган тамактарды ыргытуудан;
-Жаңы жылды жалгыздыкта майрамдоодон;
-санааркоо, бушайман болуу, жаман нерсени ойлоодон;
2020-жылга достордун, жакындардын коштоосунда жаркыган маанай менен кирүү керек. Ошондо бардык керексиз, негативдүү маанайлар кетип, ордун бакытка жана ийгиликке бошотот.
Ким менен кантип?

Ким менен тосом? Ушундай суроо жаралса Чычкандан кеңеш сураңыз. Ал компанияны, көңүл ачууну жана жеп-ичүүнү жактырат. Бирок аны жеңил ойлуу деп айтууга болбойт. Майрамды тосууга ал кымбат баалуу ресторанды же канайымдын апартаментин эмес дачадагы чакан үйдү же жыйнактуу батирди тандайт. Биз баарыбыз Жаңы жылды 31-декабрда тосуп алууга көнүп калганбыз а бирок Кытай гороскопу боюнча жыл 25-декабрда жаңыланат.
Кандай азыктардан баш тартуу керек?

2020-жылдын ээси баарын ылгабай жей бергени менен жакшы. Анын оозу эч убакта тынбайт, ага жакпаган даамдардын катарында – чөп чай жана өтө эле жыты аңкыган кошулмалар бар. Ошондуктан Жаңы жыл кечинде дасторконго ромашка, ар кандай специяларды, бузина жана жалбыз койбоңуз. Эт майсыз болушу керек. Майрам алдында азык-түлүк сатып алууга үлгүрүңүз, муздаткычыңыз да, шкафыңыз да азык-түлүктөн сынчудай болуп турсун. Баса, чычкан манканы жактырбайт, андан жасалган ботко түгүл, котлет менен сырникиге кошулганын да каалабайт.
Ийгилик коштосун десеңиз

Биринчи кезекте алкоголдук суусундуктарга өтө берилбеңиз. Дасторкондо жемиш ширеси, компот, ал турмак сүт коктейлдери болсун. А ичимдикти мүмкүн болушунча алыс анан аз кармаңыз.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз