Депутат Алтынбек Сулайманов Өмүрбек Текебаевдин пикирине пикир билдирди. Аны Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Билдирүүнү өзгөртүүсүз бердик:
“Өмүрбек Чиркешовичтин комментарийине комментарий.
Өмүрбек Чиркешовичтин кечээги айтып чыкканын окуп алып, мындан 8 жыл мурунку окуялар эсиме түштү.
2010-жылы күзүндө жаңы парламент келип, өзүнө төрага шайлоодо накта демократияны, парламенттик башкарууну, жаңы Конституцияны иштетүүдө өзүнүн биринчи кадамын таштады. Ал кезде бийлик убактылуу өкмөттүн колунда болчу. Бийликтен эл корккон жок, убактылуу өкмөт ойдогудай добуш ала албады, шайланып келген депутаттар да бийликтен корккон жок. Өмүрбек Текебаевди төрагалыкка шайлабай койдук, бул күнү Текебаев утулган жок, демократия утту десек болот. Ошол күнү демократия орноп, парламент бийликке тишин көрсөтүп, өз алдынча башкаруу системасын түзө алды. Бирок ал жакшы көрүнүш көпкө узабады. 2011-жылы Алмазбек Атамбаев президент болуп келген күнү, биринчи ишин парламентти чөгөлөткөндөн баштады. Ахматбек Келдибековду төрагалыктан алып түштү. Ушул жерде Өмүрбек Текебаевсиз бул план ишке ашмак эмес. Өмүрбек Чиркешович мага таарынбаса керек ,бул тарых- өзү жазган Конституцияны өзү талкалай баштады. Жаңы өкмөт башчысы Текебаевге да Атамбаевге да жакпады, жаштар күчтөнүп кете электе буларды жайлабасак болбойт деген бүтүмгө келип, Өмүрбек Бабановду да өкмөт башчылыгынан айдашты. Ошол күндөн баштап мамлекетте супер президенттик башкаруу пайда болду. Бул тарых, буга Өмүрбек Чиркешовичтин салымы чоң. Ошентип, Текебаев Атамбаевге бүт бийликти колуна карматты, ошол кетирген катасынын азабын бүгүн көрүп жатканын өзү да билсе керек…
Биз баарыбыз ура!-лап айтканыбыз башка, жасаганыбыз башка. Бул биздин чоң проблемабыз. Ошондуктан башкаруу системасы да өзүбүзгө жараша болуп жатат. Бизде парламенттик башкаруу деп айтканыбыз менен, жашообузда башкача, парламенттин орду жок! Бул ачуу чындык!”
Эске салсак кечээ, 25-декабрда президент жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөргөн. Андагы мамлекет башчынын жоопторун комментарийлеген Өмүрбек Текебаев “Жээнбеков Атамбаев сыяктуу эле Конституциянын нормаларын бузууну улантып жатат. Президенттин маалымат жыйынын көрдүм. Андагы айтылгандар президенттин сөзү эмес, премьер-министрдин отчету болду. Ал өзүнө өкмөт башчынын аткарган иштерин жазып алыптыр, анын баарын мен жасадым деди. А эртең парламентке премьер-министр келет да, мунун баарын мен жасадым деп ал дагы айтат”, — деген. Ошондой эле саясатчы мамлекет башчыны Башкы мыйзамдын нормаларын сактоого кайтып келүүгө чакырган.