Воскресенье, 22 сентября

Сирия АКШны эл аралык сотко берет

0

Сириянын президентинин кеңешчиси Бусейна Шаабан жарыялагандай анын өлкөсү өзүнүн мунайзат кендерине геологиялык чалгындоо иштерин россиялык компаниялар менен биргеликте баштады.

Дамаск Вашингтонду сириялык мунайзат ресурстарын уурдоого айыптап ага каршы эл аралык сотко кайрылуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөдө.

“Сирия сириялык мунайзатты уурдагандыгы үчүн АКШга каршы эл аралык арыз берүү жагдайын карап жатат”, — деди Шаабан.

АКШнын президенти Дональд Трамп октябрда түркиялык операция жүргүзүлгөн Сириянын түндүгүндөгү райондордон америкалык аскерлерди чыгараарын жарыялаган. Бирок аны менен катар Вашингтон араб республикасынын түндүк-чыгышындагы мунайзат кенине көзөмөл кылуусун улантаарын белгилеген.

Россиянын Коргоо министрлиги АКШ Сириянын мунайзатын башка өлкөлөргө контрабанда иретинде өткөрүп жатканын, а кербенди америкалык жеке аскер компаниялары жана атайын бөлүктүн жоокерлери кайтарууга алаарын билдирген. АКШнын Сирия боюнча атайын өкүлү Жеймс Жеффринин айтымында америкалык аскерлердин Сириянын аймактарында жүргөнү мыйзамдуу, Вашингтон республиканын түндүк-чыгышындагы мунайзат объектилери террористтердин колуна түшүп калбоосу үчүн аракет кылууда. Ноябрдын аягында Жефрри “сириялык конституцияга ылайык мунайзат сирия элине таандык” экенин моюндаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз