Суббота, 21 сентября

Түркия Ливия өкмөтүн Хафтардан коргойт

0

Эрдоган Ливия өкмөтүн козголоңчул генерал Халиф Хафтардан коргоо чечимин кабыл алды. Бул үчүн түрк аскерлери аталган өлкөгө жиберилет. Президенттин сунушун эми эл өкүлдөрү январда карайт. Эрдоган парламенттин макулдугун алууга үмүт артарын билдирди.

Буга чейин Анкара Ливиянын Улуттук ынтымак өкмөтү менен коопсуздук маселелери жана аскер тармагында кызматташуу жөнүндө эки келишимге кол койгон.

Эрдоган козголоңчул генералга Россия аскерлеринин көмөктөшүп жатканына унчукпай карап отура албасын маалымдаган. Түркия лидеринин айтымында, Ливияда Россиянын “Вагнер” жеке аскердик компаниясынын эки миңден ашуун адамы бар.

Батыш маалымат агенттиктери Ливиядагы Хавтардын элдик армиясына Россиядан бөлөк Франция, Египет жана Бириккен Араб Эмираттары көмөк көрсөтүп жатканын жазышууда. Хафтардын өкүлдөрү Анкараны Тунис аркылуу Ливияга “Ислам мамлекети” террордук тобунун жихадчыларын жөнөтүп жатат деп айыптоодо.

Россия өз кезегинде Ливиядагы согуштун аякташына кызыктар экенин айтып, ал жактагы жарандык согушка катышы жок экенин билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз