Суббота, 21 сентября

Кийимиңиздеги жазуунун маанисин билесизби?

0

Азыркы ааламдашуу шарты кыргыздардагы бир топ баалуулуктардын өзгөрүүсүнө өз таасирин тийгизди. Элибизде, өзгөчө айылдагы жаштар арасында деградация процесси күч алууда. Мектепти бүткөндөн кийин жогорку окуу жайларга барбай же өтпөй калган улан-кыздар жана жогорку окуу жайын бүтүп келип жумушсуз калган жаштар социалдык, билимдик, адамдык жактан деградацияга туш болуп, бош убактыларын кайда, кантип өткөрүүнү билбей жүрүшөт. Ушул тапта жаштардын айрымдары бош убактысын диний мекемелерде өткөрүп жатышса, айрымдары таптакыр социалдык жана маданий жактан «бузулуу» процессине кабылышты. Кепти алыстан баштагандай болдук окшойт. Маданий жактан бузулуу дегенден темага кирели.
Маданият — бул экономикалык пайда көрүүнү көздөбөгөн нерселердин баарын, көркөм сөз өнөрүн, сөз байлыгын, кийген кийиминен тартып жүрүм-турум эрежелерине чейин баарын чогуу түшүндүрөт. Тарыхый-географиялык шарттарына, басып өткөн жолуна, дүйнө таанымына жараша ар бир улуттун маданияты калыптанат. Демек, ар бир элдин маданияты анын ички маңызын, дүйнөгө болгон көз карашын жана мамилесин туюндурат. Мына ушул ички маңыз, дүйнөгө болгон көз караш, сырткы жана ички ар кандай таасирлерден улам бузулууга дуушар болуп келет.

Кийимдеги жазуулар көп түрдүү. Мисалы, “Nike”, “Adidas”, “Puma”, “Reebok” жана башка ушул сыяктуу кийимди чыгарган фирманын аты же “Linkin Park”, “Michael Jackson”, “Madonna for you”, “Metallica” сыяктуу атактуу ырчы, музыкалык топтордун аталыштары жазылышы мүмкүн. Ошондой эле тамашалуу, балким, кыжырга тийген же сөгүнгөн сөздөрдү да учуратууга болот. “Hate people!”(Адамдарды жек көрөм!), “Chicken’s mind” (Тоок мээ) сыяктуу. Албетте “Save the Earth!” (дүйнөнү сактап кал), “Stop Pollution!” (Чөйрөнү булгаба!), “Stop and think” (Токто, ойлон), “Don`t worry! Be happy!” (Капаланба! Көңүлдүү жүр!) сыяктуу саясий, диний, экологияны коргоо же дагы бир тармакта түрдүү ураандар жазылган кийимдер да жок эмес. Сүйүү, достук тууралуу “I love you” (Мен сени сүйөм), “Listen to your heart” (Жүрөгүңө кулак сал) сыяктуу жазуулар менен эле бирге эч кандай максатты ташыбаса да “Space” (Космос), “Summer time” (Жайкы убак), “Sunday” (Жекшемби) жана “London”, “New York”, “Istanbul” сыяктуу жер-шаарлардын аталыштары жазылган кийимдер ар бирибиздин үйүбүздө гардеробдон жай ээлеп турганы анык. Кыскасы, дагы биз билбеген көптөгөн маанидеги жазуулар жазылган кийимдерди кийип көчөлөрдү толтуруп басып жүрөбүз.

Кийимдеги жазуулар ар кандай болушу мүмкүн экен демек. Бирок, биз көңүл бурбастан кийип алып жүргөн кийимдердеги кээ бир жазууларды көрсөң, “маанисин билип кийип жүрөбү же тапканын кийдиби? Балким, жазууга кызыгып эле кийип алгандыр” деген ар кандай ойлор келет экен. Анткени эгерде маанисин билсе киймек турсун албаса керек эле дегенге жеткирген жазууларды ташып жүргөн кийим-кечелер да бар. Акыркы жылдарда, көбүнесе жаштарыбыз кийген кийимдериндеги жазууларга көңүл бурбайт. Маанисине карабастан “мода экен” деп эле кийип алгандар да аз эмес. Жогоруда мисал катары берилген жазуулар төмөндө бериле турган жазуулардын алдында нормалдуу көрүнүш болуп калат.

Изилдеп көрсөң, кийимге жазуу Байыркы Грек маданиятынан бери эле келген нерсе. Андан бери 15-16-кылымдарда италян порттеринен көрсөң болот.

Мени таң калтырганы, ал жазуулардын кийген адамга акаарат кылган жазуу болушунда, динине каршы келсе да кийип жүрүшүндө, адеп-ахлак принциптерин тепселеп жаткандыгында… Алардан бир канчасын мисал келтирип кетели:

— “God’s busy, can I help you” (Кудай бош эмес, мен жардам берейин) деген жазуунун ортосунда кызыл түстөгү шайтанды чагылдырган сүрөт коюлган. Болгондо да мечитке кирип намаз окуп атканын элестет.
— “GAP (Gay and Proud)” (Геймин жана сыймыктанам). Муну чангандар да бар. Бирок, “гугл”дан карап көргүлө, ишенбесеңер. Шамал болгондугу үчүн GAPтын башы кыймылдап жаткандыр?
— “My рen is bigger than yours” (Менин ручкам сеникинден чоң) (бул жерде “pen is” деген сөздү бириктирип окуп көргүлө).
— “OBEY” (Баш ий/ моюн сун)
— “No God, No Religion” (Кудай жок, дин жок)

 

Кээ бирлерин жазганга колуң барбайт. Англис тилинде жазылгандыктанбы, билбейм. Айтор бир эле кийимге эмес, жеген-ичкенибизге да, алып жаткан билимибизге да, дегеле көп нерсеге маани бербей эле кыла берет экенбиз. “Stop and think” деген кийимдеги жазууга көңүл буралы. Ойлонолу бир аз. Иштетели жөн эле көтөрүп жүрө бербей.

Буларга окшогон дагы көптөгөн жазуунун түрлөрү бар. Баарына орун берүүнүн кажети жок. Негизгиси, максат түшүнүктүү болсо жетиштүү.

Жыйынтыктап кете турган болсок, кийимдеги жазуунун кимге кызыгы бар деген түшүнүк менен жашабайлы. Биздин кийимдер жарнама тактасындай эле кызматты аткарып келет, эгерде түшүнсөк. Жарнаманын пайдалуусу жана зыяндуусу болгон сыңары, кийген кийимдерибиз да эки миздүү нерсе. Бара-бара айтуудан уялган сөздөрүбүздү төшүбүзгө жазып алып көтөрүп жүрсөк, маданияттын дубалынын урай баштаганы эмеспи. Кийген кийимибиздеги жазуунун маанисине көңүл бурбай жатсак, аң-сезимдин төмөндөй башташы демек. Жакшы жазуу болсо же сүрөт болсо бир жөн. Сөзүмө аралжы, “сүрөт” демекчи, кийимдеги сүрөттөр да өзүнчө каралчу маселелердин катарына кирет. Stop and think.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз