Суббота, 21 сентября

Садык Шер Нияз эмес Мамашева…

0

“Ата Мекен” фракциясынын бош калган лидерлик орунуна ылайыктуу адам тандалды. Атамекенчилер лидерликке ат салышкан Садык Шер Ниязга жана Сайдулла Нышановго эмес, Айсулуу Мамашевага добуш беришти.

Депутат айым мындайды өзү да күтпөгөндүктөн азыр таң калганынан өзүнө келе албай жатканын билдирди.

Шер Нияз менен Нышанов фракциялаштарынын беш-бештен добушуна ээ болушту. Садык Шер Ниязов Айсулуу Мамашеванын дайындалганын кубаттады. Айтымында жаштардын жооптуу милдетти артынышына каршы эмес. Ал эми Шыкмаматов баштаган төрт адамдын партиядан чыгышын “партия жаңыланууга муктаж” деп белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз