Суббота, 21 сентября

Кыргыз саясаты: жигиттик убада жана бөлүшкөн мандат

0

Алмамбет Шыкмаматов жана Болот Шер баштаган партиянын тизмесиндеги төрт адам Нурбек Сыдыгалиевге жол бошотуу үчүн партиянын катарынан чыгууну чечишкен. Бул тууралуу Өмүрбек Текебаев билдирди.

Анын айтканына караганда Шыкмаматов жана башка партия мүчөлөрү менен Текебаевдин ортосунда талаш-тартыш же кызыкчылыктардын кагылышы болгон эмес. Бүгүнкү болгон окуялар жигиттик убаданын аткарылышы.

“Ар бир партиянын шайлоо алдында өзүнө гана тийиштүү маселеси болот. Шайлоодо ар бир аймактан талапкер коюп, аз добуш алгандар ордун көп добуш алгандарга бошотуп берет деп жигитче кол алышканбыз. Бирок партияда ошол убаданы бузуп аз добуш алса да ордун бошотпой койгондор болгон. Анын айынан көп добуш алган 3-4 талапкер парламентке келе албай калды. Нарындан Шыкмаматов менен Сыдыгалиев экөө коюшкан, жыйынтыгында Сыдыгалиевдин добушу көп болду. Экөө дос, андыктан 2,5 жылдан депутат болуу келишимине келишип, мындан чыр чыкпады. Бирок убада боюнча 2,5 жыл өткөндөн кийин Шыкмаматовго куугунтук болуп, соттотууга аракет жасалып баштаган мезгил келди. Мындай учурда анын мандатынан ажыратып коюу – жардан алыс түрткөндүк, өлтүргөндүк, көмүп салгандык болмок. Муну жакшы түшүнгөн Сыдыгалиев унчукпады. Бир нече убакыт мурда Шыкмаматов мандатты өткөрүп берем деп чечкен. Оор, абдан татаал сүйлөшүүлөр болду. Мында дагы бир тоскоолдук бар эле, ал – мен. Эгер мен акталып, мандатымды кайра алчу болсом Алмамбет досуна бошотуп берген мандат кайра мага тиймек. Ошондуктан 21-декабрда атайын билдирүү жасадым: акталган учурда да парламентке кайра барбайм, мандатты албайм деп. Көбү “жылан чакпай, жылкы теппей буга эмне болду” дешти. Ошол билдирүүдөн кийин бардык тосоолдук алынды дагы Алмамбет мандатты досуна өткөрүп берди”, — деди Текебаев.

Саясатчы белгилегендей партиянын тизмесинен Болот Шер баштаган төрт адам дагы Сыдыгалиевге орун бошотуу ниетинде чыккан.

Бирок айрым саясий эксперттер Шыкмаматов келерки шайлоого башка партия менен баруу максатында Текебаев менен пикир келишпөөчүлүгүн шылтоо кылып, партиянын катарынан чыгууга шашылды деп белгилеп жатышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз