Пятница, 20 сентября

Талгарбеков: Шыкмаматов тууралуу Текебаевдин көлөкөсүндөгү саясатчы деген көз караш калыптанган болчу…

0

Алмамбет Шыкмаматовдун “Ата Мекен” партиясынан кетиши – анын өз алдынча саясатчы болууга дарамети жетээрлигинин белгиси. Мындай пикирин коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков “Kyrgyz.news” сайтына билдирди.

Ал ушул убакка чейин коомчулук, анын арасында өзү да Шыкмаматовду Текебаевдин көлөкөсүндөгү саясатчы катары эсептеп келгенин белгиледи.

“Анын бул чечими туура же туура эместигин убакыт көрсөтөт. Бирок Шыкмаматовдун партиянын катарынан чыгып, мандатын да тапшырган кадамга барганы чоң эрдик. Ал ачык билдирүү жасап анан кетти. Айрымдар адатта мындай эле, тигиндей эле деген чала билдирүү жасайт эмеспи. А бул абдан чечкиндүү кадамга барды. Мекенчил инсан, көз карандысыз саясатчы экенин, келечекте саясий талаада дагы да чоң ролдорду ойной турганын далилдеди”, — деди Талгарбеков.

Ошондой эле коомдук ишмер бул кырдаалда кайсы бир саясатчыны утту деп ойлоодон алыс. Саясатта жагалдануу, кошоматтанууга орун жоктугун белгилеген Талгарбеков “Ата Мекендеги” абалдан саясий чөйрө утуш жасады деп билет:

“Саясат ушундай ачык болуш керек, анда атаандаштык орун алышы керек. Ошондуктан кыргыз саясаты упай топтоду деп айтсам болот. Шыкмаматов Текебаевсиз саясий кадамдарды жасап, элдин көңүлүн буруп, саясаттан өз ордун таба алса мындай азаматка кол чабыш керек”.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз