Пятница, 20 сентября

Сулайманов: Бул партиянын жеке иши

0

Партиянын иши – бирөө келет, дагы бирөө кетет. Андан маселе жаратуунун кереги жок.
Мындай пикирин депутат Алтынбек Сулайманов билдирди.

Эске салсак Алмамбет Шыкмаматов “Ата Мекен” партиясынан кетээрин жана депутаттык мандатын тапшыраарын кечээ, 27-декабрда жарыялады. БШКга депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча арыз жазганы белгилүү болгон. Аны менен катар партиянын мүчөлүгүнөн Болот Шер баштаган дагы төртөө кетти.

“Мындай маселелер ар бир партияга жана фракцияга тийиштүү жеке маселе. Андагы иш ушул – бири келет, бири кетет. Бир мандат парламенттик кризисти жаратпайт, парламент өз ишин уланта берет”, — деди Сулайманов.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз