Четверг, 19 сентября

Түркия өзүнүн алгачкы электромобилин чыгарды

0

Бул иш чарага  Президент Режеп Тайип Эрдоган катышты.

27-декабрда Президент Режеп Тайип Эрдоган алгачкы түрк автомобили — SUV C сегментиндеги электрокроссовер жана седан электромобилин тааныштырууга катышты.

Бул автомобилдерди өлкө калкына тааныштыруу иш чарасы Стамбулга жакын Гебзе районунда болуп өттү. 

“Түрк автомобилдери” (TOGG) “Демилгелүү тобу компаниясынын жетекчиси Рифат Хисарджиклыоглу  Түркияда бул автозаводдун курулушу 2021-жылы аяктап, бир жылдан соң алгачкы автомобиль чыга тургандыгын билдирди. 

Электромобилдерди Түркиянын түндүк-батышындагы Бурса провинциясында сериялык өндүрүштөн чыгаруу пландаштырылууда.  

Бул жерде бир жылда 175 миң даана беш моделдеги электромобилди чыгаруу каралууда. 

Эки-үч жыл өткөн соң автомобиль дүйнөлүк рынокко чыгып, негизги басым Европага жасалууда. 

Долбоорго 22 миллиард түрк лирасы суммасында инвестиция тартылган. 

Тааныштыруу иш чарасынын соңунда президент Эрдоган алгачкы түрк электрокарасынын рулуна отуруп, өзү айдап көрдү. 

Андан ары сөз сүйлөгөн өлкөнүн өнөржай жана технологиялар министри Мустафа Варанк 27-декабрда ошондой эле “IT-өрөөн” – Түркиянын эң ири технопаркынын ачылышынын расмий иш чарасы да болорун билдирди. Мында Түркиянын экономикалык жана технологиялык көз карандысыздыгын чыңдоого салым кошулмакчы. 

“Түрк электромобилинин долбоору да кошо ишке ашырыла турган бул IT-парк келечекте көптөгөн технологияларды иштеп чыгаруучу жай болот”,- деп айтты Варанк.

Министр андан ары жаңы автомобилде колдонула турган баардык интеллектуалдык жана өнөржай менчиги, инженердик чечимдер Түркияга таандык экендигин белгиледи. “Бул автомобилдерди сатуудан түшкөн кирешелер Түркиянын экономикасына кошулган салым болуп саналат. Бул долбоор – биздин 82 миллиондук өлкөбүздүн ар бир жаранынын, бүтүндөй Түркиянын сыймыгы. Бул автомобил дүйнөлүк авторыноктогу түрк брендине айланып, Түркиянын бул чөйрөдө өзүн көрсөтүүсүнө жардам берет”,- деди Варанк. 

Электромобилдин 200 жана 400 ат күчүнө ээ варианты болот.  

Автомобиль саатына  100 км/саат ылдамдыкта жүрө алат. Бир заряд 300 жана 500 км.ге жетет. 

Автомобиль  интернетке кошулуп, анын системасы онлайн-жаңылоону киргизе алат. 

Автомобиль өз классында эң сапатту, узун дөңгөлөккө, максималдуу адамдардын батуусуна ыңгайлашкан инфраструктурага жана комфортко ээ. 

Ал эми  аккумулятору 30 минутага жетпеген убакытта 80%га чейин кубаттана алат. 

Автомобиль Европанын жаңы автомобилдерди баалоо системасынын беш жылдыздуу рейтингинин талаптарына ылайык келет. 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз