Пятница, 20 сентября

Карамушкина жана Какчакеевдин “көп сырдуу” куттуктоосу

0

“Мен эне сүтүнө тойгон сиздер катары эле өзүмдүн көп улуттуу өлкөмдүн элине сый-урмат менен мамиле жасайм. Жаңы жыл алдында ар бир адам жакындарына жана туугандарына эң мээримдүү каалоо-тилектерди жолдойт. Мен ишеничин жоготкондорго кайра аны табууну, башпаанегин жоготкондорго андан да жакшысына ээ болууну каалайм. Жашоодо муктаждыгы барларга, көп балалууларга, бөтөн шаарда күн кечирип кээде кулчулукка дуушар болгондорго Кыргыз мамлекеттүүлүгүндөгү мыйзамдуу коргоочусу болушун каалайм. Биз жаш өлкөбүз жана бул убакыт аралыгында биз үйдө дискомфорт болдук, бийликке сый-урмат көрсөтпөдүк, оройлук жана мыйзамсыздык орун алды. Биздин саясий партиялардын башчыларына болгон ишеним дайыма эле аткарыла бербейт жана келесоо убадалар күнүмдүк жашоодо далилденип калып жатат. Жаңы жылда алданбашыңарды, мазакталбашыңарды, Кыргыз Республикасынын Конституциясы кепилдендирген татыктуу жашоодо жашооңорду каалайм”, — деп жазды эксперт Токтогул Какчакеев Фейсбуктагы баракчасына.

Ирина Карамушкина билдирүүнүн алдына мындай комментарий калтырды:
“Толугу менен кошулам! Эмнеге баары эле ушуну каалашат да бирок ким бийликке же ресурска жетип барса дароо эле адам кейпиндеги башка планеталык болуп чыга келет? Аларды өлкөбүздүн чындыкты сүйлөгөн, түз жүргөн, эрктүү жарандары гана өзгөртө алат! Сиз дагы, Токтогул мырза өлкөңүздөгү ушундай жоопкерчиликтүү эркектердин бирисиз”.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз