Пятница, 20 сентября

Турдукулов: Эски муундун кетиши – замандын талабы

0

Шыкмаматовдун кетиши “Ата Мекен” партиясындагы ички кагылышуунун жыйынтыгы болду окшойт. Бул боюнча коомчулукка көп нерсе ачыкталган жок. Мындай пикирин жарандык активист Адил Турдукулов “Kyrgyz.news” сайтына билдирди.

“Шыкмаматов 15 жылдан бери партиянын өнүгүшүнө салым кошту. Менин сырттан байкоом боюнча фракция лидери катары да татыктуу иштеди. Менин оюмча бир гана “Ата Мекен” эмес КСДП жана башка партиялардагы да эски муундун кетиши заман талабы болуп жатат. Жаңы муунду өстүрүп, өз ордуларын татыктуу бошотуп беришсе туура болмок”, — деди жарандык активист.

Эске салсак Алмамбет Шыкмаматов кечээ,27-декабрда “Ата Мекен” партиясынан кетүү жана депутаттык мандатын тапшыруу чечимин кабыл алганын жарыялаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз