Пятница, 20 сентября

Шыкмаматов “коркунучтуу түшүмдө да күткөн жок элем” деп эмнени айтып жатат?

0

Алмамбет Шыкмаматов партиядан кеткенинин жана мандатын тапшырганынын себебин чечмелеп жатып “мындайды мен коркунучтуу түшүмдө да күткөн жок элем” деген. Ал муну менен эмнени айткысы келди? Текебаевдин ишенимдүү адамынын терс бурулушун эксперт Сабыр Муканбетов комментарийлеп жатып анын билдирүүсүндөгү так ушул сөзгө басым жасады.

“Коркунучтуу түшүмдө да мындайды күткөн эмесмин деп айтканы кандайдыр бир табышмакты кармап турганын божомолдоого болот. Ал эмнени айткысы келгенин азырынча билбейбиз бирок убакыт келип аны да ачыкка чыгараттыр. Бардык чындык суу үстүнө калкыгандан кийин ишенимдүү эки адамдын, саясатта канча жылдан бери агымы бир болуп келген эки саясатчынын пикир келишпөөчүлүгүнө башкача пикир билдирет чыгаарбыз”, — деди Сабыр Муканбетов.

Ал Шыкмаматовдун кетиши “Ата Мекен” үчүн да, Текебаев үчүн да чоң жоготуу экенин белгиледи.

“Шыкмаматов көп жылдан бери “Ата Мекенде” келаткан саясатчы, анда жүрүп такшалды, Текебаев камакта жатканда фракция лидери болуп бышып-жетилди. Мыкты жигиттердин бири. Текебаев абакта жатканда анын ордун жоктотпой, партиянын жүзүн жоготпой сактай алды. Тилекке каршы ушундай кырдаал жаралды, көздөй адамдардын жолу эки айрылышка бурулду. Шыкмаматовдун кетиши партия, Текебаев үчүн чоң жоготуу”, — деди.

Пикиринде мындай бурулуш коомчулуктун “Ата Мекенге” болгон мамилесине да таасир берээри бышык.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз