Пятница, 20 сентября

“Оорулуу” маданиятыбыз “микробдорго” туруштук бере албай калды…

0

Белгилүү публицист Эсенбай Нурушевдин улуттук маданият тууралуу айтканын Фейсбуктагы Ниязали Арипов аттуу колдонуучу жазып чыкты.

“Улуттук маданиятыбыз көптөн бери оорулуу. Андан улам сырттан келген социалдык, маданий жана философиялык «микробдорго» туруштук бере албай жатат. Улуттук маданиятка каршы контрмаданият күчөдү. Булардын бири «байлык менен акчанын культу», «бийликке менменсинүү”.

Кыргызстан бирдиктүү идеологиясыз жашап келатканына көп жыл болду. Союз урагандан кийин анын курамындагы башка өлкөлөр өз идеологиясын тапканы менен бул жаатта кыргыз мамлекети куру калганын көп эле маданий, илимий ишмерлер белгилеп келишет. Акыркы учурда болуп жаткан ар кандай көрүнүштөр, мисалы феминале көргөзмөсү, гей-парад өңдүүлөр так ушул идеологиянын жоктугунан батыштын таасирине оңой алдырып жатканыбыздан кабар берээри айтылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз