Бүгүнкү күндө Ливияда эки бийлик бар: бири өлкөнүн чыгыш тарабында жайгашкан Тобрукта, экинчиси Триполиде. Түркия эмне үчүн Ливиядагы бир тарапты колдоп жатат? Бул согуштун Түркия үчүн кандай мааниси бар? Эмне үчүн Триполи бийлиги Түркиядан аскердик жардам сурады?
Каддафи бийликтен кулатылгандан кийин Батыш өлкөлөрү Ливия нефтине жана деңиз шельфине ээлик кылуу үчүн күрөшүп баштады. АКШнын тыңчысы катары таанымал Хафтар да 2014-жылдан баштап бийликке жетүү үчүн кайрадан куралдуу күрөш баштады. Бир нече маанилүү нефти чыгуучу жайларды басып алат. Хафтар куралдуу күрөш менен алектенип жаткан учурда Греция Ливияга таандык 39 миң чарчы километр деңиз аймагын басып алат. Греция булл жол аркылуу Ливия менен Түштүк Кипрдин ортосундагы Жер Ортолук деңизинин континенталдык шельфин ээлеп алууга жана өзүнүн жеке жер ортолук деңизиндеги шельфин түзүүгө аракет кылган.
Грециянын континенталдык шельфти басып алуусу Түркия менен Ливиянын деңиз байланыштарын ажыратуу дегенди билдирет. Греция Ливиянын аймагындагы деңизге кол салганда, Хафтар расмий бийликти кулатуу үчүн дагы бир согушту баштап, Бенгазини басып алат. Бенгазиден кийин 2018-жылы БУУ тарабынан таанылган Триполи өкмөтүнө караштуу аймактын 95%ын ээлеп алууга жетишет.
АКШ, Франция, Греция жана башкалар
Генерал Хафтардын Ливиядагы 2014-2018-жылдарда жүргүзгөн күрөшү башында көпчүлүк өлкөлөр тарабынан улуттук ички проблема катары каралып келген. Хафтар 20 жыл АКШда жашап, андан кийин Ливиядагы ЦРУнун операциясын жүргүзгөнү белгилүү. Бирок, Хафтар тарапта согушуп жатып, атып түшүрүлгөн вертолетто 3 француз аскердин денеси табылган. Демек Франция да Хафтарга аскердик жардам көрсөтүп жатканы ачыкка чыгат. Ошентип Хафтардын чыгыш Жер Ортолук деңизин басып алуусу үчүн АКШ, Франция жана Греция менен кызматташып жатканы белгилүү болгондо, Түркия жана Италия Триполинин расмий өкмөтүн колдоого киришет.
Ливия Түркиядан аскердик жардам сурады
Ал арада Ливия расмий өкмөтү террорист генерал Халиф Хафтардын бийликти басып алуу чабуулунун мизин кайтаруу үчүн Түркиядан жардам сурап расмий кайрылуу жолдоду. Президент Режеп Тайип Эрдоган Ливиядагы расмий бийликти колдоорун, эгер стратегиялык мааниси чоң Ливия өлкөсү сураса аскердик жардам көрсөтөөрүн буга чейин билдирген болчу.
Түркиянын улуттук коопсуздук маселеси
Түркия Ливиянын көз карандысыз расмий бийлигин коргоого кызыкдар. Бирок, АКШ, Франция жана Грециянын пландары башкача: Хафтар АКШга Акүйгө чакырылып Трамп жана Помпео менен жолугушат. Хафтар Россияга барып, Коргоо министри Шойгу менен жолугуп турат. Ал да аз келгенсип, Ливиядагы Вагнер жалданма аскерлерин каржылайт деп айыпталып жаткан бизнесмен Евгений Пригожин да булл жолугушуулардын бирине катышкан. Дагы бир кызык жагдай — Хафтардын Россия менен байланышы жана Ливиядагы Хафтар тарапташы болгон россиялык жалданма согушкерлер боюнча АКШ да үн ката элек. Хафтар 20 жыл жашап-окуган, колдоосун аябаган АКШга ыктайбы же аскердик билим алуусунда орду бар Россиянын оюнун ойноп жатабы? Же Россия менен АКШнын Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги оюндары бирби
Россия Хафтарды колдойбу?
Түркия президенти Эрдоган Россия президенти Путин менен телефондон сүйлөшүү учурунда Ливияны талкуулап, өлкөдө абалды жөнгө салууга колдоо көрсөтүүгө чакырган. Расмий бийлик деп таанылган Улуттук ынтымак өкмөтүнүн башчысы Фаиз Мустафа Сарадж да Түркиядан колдоо таап, андан тышкары Россиядан да колдоо издеп Жер Ортолук деңизинин чыгыш бөлүгүндө жаңы коопсуз аймак түзүү боюнча кызматташууга чакырган. Бирок, Сарадж булл сунуш боюнча олуттуу жыйынтыкка жетише элек.
Хафтардын тарапташтарынын негизги бөлүгү жалданма согушкерлер
25-декабрда президент Эрдоган Ливияда россиялык жалданма аскерлердин тобу болгон 2000 Вагнер согушкери, 5 миң судандык согушкер бар экенин айтты. Англиялык The Guardian газетасы да Ливияда мамлекеттик бийликти басып алууга киришкен генерал Хафтардын аскерлеринин негизги бөлүгүн жалданма согушкерлер түзөт деп жазат. Ливиядагы судандык согушкер топтордун командирлеринин айтымында акыркы айларда жүздөгөн киши согушуу үчүн өлкөгө киришкен. Кабарларда Ливиянын түштүгүндө жайгашкан судандык согушкерлердин командирлеринин бири “көп сандагы жаштар келүүдө. Мынчалык сандагы согушкерди кабыл ала турган абалда эмеспиз” деген. Азыркы учурда эле 3 миң судандык кошуун мүчөсү бар”- деп билдирилет.
Россиянын жалданма аскерлери барбы?
Путиндин басма сөз катчысы Песков: “Полковник Муаммар Каддафинин кулатылуусунан кийин Ливия “көп сандагы өлкөлөрдөн” келген жалданма аскерлердин жана террористтердин баш калкалоочу жайына айланды”, — деди. Андан сурашты: “Россиянын жалданма аскерлери барбы?” Песков минтип жооп берген: “Түрдүү өлкөлөрдүн жарандары планетанын ар кайсы бурчунда жалданма аскер катары согушуп жүрүшөт. Бардык жарандардын кыймыл-аракетин көзөмөлдөө мүмкүн эмес. Песковдун сөзү эмнени билдирет? Демек, Россиянын расмий бийлиги өз жарандарынын Ливияда жалданма аскер катары жүргөнүн жокко чыгарбайт.
Ливия улуттук армиясы деп аталган Хафтар баштаган күчтөрдү АКШ, Греция, Израиль, Египет, Бириккен Араб Эмираттары жана Сауд Аравия колдойт. Сарадж баштаган Улуттук ынтымак өкмөтүн Түркия, Катар жана Италия колдойт. Бириккен Улуттар Уюму баш болуп дүйнөлүк коомчулуктун басымдуу бөлүгү Триполидеги Улуттук ынтымак өкмөтүн мыйзамдуу бийлик катары тааныйт. Бул жагдайда Россия тарабынан Хафтарга көрсөтүлө турган ар түрдүү колдоо Түркия-Россия мамилесинде кагылыштарга себеп болмокчу.
Эгер Хафтар Ливия бийлигин басып алса…
Эгер Хафтар Франция жана АКШнын колдоосу менен өз максатына жетип, Триполи өкмөтүн кулатса, булл Түркия менен Ливиянын ортосундагы деңиз жээктери боюнча келишимин коркунучка такайт. Греция Ливиянын аймактык сууларын ээлеп алат. Түркия Ливияга жардам берип, иш жүзүндө өзүнүн континенталдык шельфинин коопсуздугун камсыздамакчы. Ливияда генерал Хафтарды кайсы мамлекеттер колдосо Сирияда да PKK-YPGни ошол мамлекеттер колдоп атышат. Бул факт кээ бир мамлекеттер Жакынкы Чыгышты бөлүп алуу боюнча жашыруун келишим түзүп алгандыгынын белгиси эмеспи?
Түркиянын Жер Ортолук деңиздеги, Жакынкы Чыгыштагы бардык кадамдары мамлекеттик кызыкчылыктарын жана Кипрдеги түрктөрдүн укуктарын коргоого багытталган. Бирок, батыш медиасы булл абалды көрмөксөнгө салып, Түркиянын тышкы саясатын басып алуучулук катары дүйнөгө таанытууда.
Хафтарды колдогон ар бир өлкөнүн Ливияда өзкызыкчылыктары бар. Кайсы өлкө кандай себептен улам Хафтарды колдосо да, Ливиянын кызыкчылыгына каршы иш кылууда. Өлкөнүн тагдырын “ЦРУда” даярдыктан өтүп келген чыккынчылар эмес, өлкөнүн ичинде жашаган эл жана легитимдүү бийлик гана чечиши керек!