“Убакыт учкан куштай өтүп барат”, “бир жылда эмне из калтырдым?”, “көз ачып жумганча бир жыл өтүп кетти” деген ойлор көпчүлүктүн мээсин кемирип жаткандыр. Албетте, жакшы-жаман, эмнеси болсо да бир жылды артта калтырдык. 2019-жылдан эсимде эмне калды, деп артты карап кыйналгандын ордуна, эми алдыбызды карайлы. Балким, буга чейин мындай кеп-кеңеш укпаган болушуңуз мүмкүн. Уксаңыз, анда сиз үчүн кайталоо болсун.
Азыркы доор технологиянын доору болгондуктан, жаштык кездеги бош өткөн, ойлонууга жана башка нерселерге бөлүнгөн убакыттын ордун интернет ээлеп калды. Бир эле күнүбүздү баштан соңуна чейин карап көрөлү. Колубуз бошогон учурда телефонго алаксыйбыз. Жогоруда айтылгандай, ойлонууга да убакыт калбады. Убакыттын учкан куштай зымырашы ушул себептен болушу мүмкүнбү? Ойлонуп көрөлү.
Ар бирибиз, эч болбосо кээ бирибиз өткөн жылдын ичинде маанилүү иштерди баштап же маанилүү издерди калтырып кеткенди каалаганбыз. Өзүбүз үчүн болсун же үчүн… Ошондуктан, 2020-жылдын аягында артыбызды караганда көзгө басар иш калтыруу үчүн азыртадан алдыбыздагы жылга карата эмнелерди пландоо керек же эмнелерге көңүл буруп, эмнелерден качынуу керек, кыскача кеңештерден бөлүшө кетейин, жазып алыңыз. Кагаз, калемиңиз даяр болсо баштайлы.
2019-жылы өзүңүз же башкасы үчүн эмне иш жасаган болсоңуз, кыскача мазмунун чыгарыңыз. Кимге кандай пайдаңыз тийди, кандай өзгөрүүлөргө себепчи болдуңуз, балким, эч өзгөрүү болбогондур. Эстей алган нерселериңиздин баарын жазыңыз. Анткени, булар алдыбыздагы жыл үчүн көрсөтмө курал болуп берет. Жакшы иштериңизди дагы да өнүктүрүүгө жана жаман иш же сапаттарыңызды калтырууга жардамчы болот.
Ошол эле учурда 2020-жыл үчүн “кара тизме” даярдаңыз. Сиз өткөн жылы пайдасыз болгон нерселерди жазыңыз. Убакытты текке кетирген нерселерди… Кийинки жылы кайра алданып калбаш үчүн бул жылы алданган учурларды жазыңыз, кайрадан алданып жүрбөңүз. Телевизор сизге көп зыян бердиби, кара тизмеге алыңыз. Интернет убакытты жедиби? Досторуңуздун ичинен азгыргандар болдубу? Баарын кара тизмеге алыңыз. Кийинки жылы бул тизмедегилер менен көп мамиле жасабаганга аракет кылыңыз. Достор менен мамилени үзүү же интернет, телевизор менен коштошуу, кыйын сезилиши мүмкүн. Ошондуктан кара тизмеге кимдерди же эмнелерди жазаарыңызды ойлонуп туруп белгилөө керек.
2020-жылга план түзүңүз. Бардык жасай турган иштерди жазыңыз. Он, кааласаңыз жүз пунктта пландарыңызды жазыңыз. Планды сөссүз ар бир айга же аптага жазуу шарт эмес. Алгач баарын аралаш жазып, артынан он эки айга бир четтен тандап жайгаштырсаңыз жеңил болот. Кайсы жумуш кайсы айда аткарылышы керек болсо, ошого жараша жайгаштырыңыз. Эмнелерди жазуу керек деген суроо угулуп жаткансыйт. Планда, азыркы “сиз” бир жылдан кийин кандай абалга келишин кааласаңыз ошого жараша, сизди өзгөртө ала турган пландарды жазыңыз. Сиздин жалкоолуктарыңызды жок кыла албаса да азайтканга жардам бергидей иштерди жасоону пландаңыз. Мүнөздү оңдоңуз. Эгерде мүнөзүңүз сизге жакпай жатса, балким, башкаларга жакпаган мүңөзүңүз болсо, оңдогонго аракет кылыңыз. Жакшы сапаттарды өнүктүрүп, жаман сапаттардан кутулуу керек.
Чөйрөнү тартипке салыңыз. Чөйрөңүз сизге кандай зыян келтирген болсо, ошолорду тазалаңыз. “Эл эмне дейт” деген түшүнүктөн арылуу керек. Керексиз адамдардан алыс туруу, керек болсо, убакытыңузды текке кетирген, зыян берген пайдасыз адамдардан алыс болуу шарт. Казанга жолосоң карасы…, деп бекеринен айтылбаса керек.
Жок дегенде, аптанын бир күнүн өзүңүз үчүн бөлүңүз. Бир күндүн 1/3ин уйкуга бөлөбүз. Анткени денебиз уйкуга муктаж. Эртеңки күнгө күчтүү дем менен башташ үчүн бүгүнкү уйкунун планы толук орундалышы керек. Ушул сыңары эле, бир жумада жок дегенде бир күн, болбой баратса жарым күндү адам өзү үчүн бөлүү керек. Антпесе, зымырап өтүп жаткан убакыт бизди аяп отурбайт. Арадан жылдар өткөн соң өзүңдү бир карап өзүңдө өзгөрүүнүн ордуна стресс, оору жана түйшүктөрдүн ичинде кыйналып атканыбызды көрсөк, демек өзүбүздү өнүктүрүүгө, ойлогонго убакыт бөлбөптүрбүз. Күндө эрте менен жумушка, окшош күндөр, окшош тапшырмалар, кечинде келип жатмай ж.б.у.с. кайталанма күндөрдүн арасынан бир күн өзүңө убакыт бөлө алсаң, жеңиш сеники. Ал күнү отуруп ойлон, эс ал. Өзүңө өзүң суроолорду бер, жооп издеп көр. “Кайсыл жерлерде ката кетирип жатам, кимге сөз берип аткарбай койдум же кимди капа кылдым, эмне себептен, эмнелерди үйрөнүшүм керек эле, бирок, үйрөнбөй жүрөм” деген сыяктуу суроолорго жооп издеп көрүү, бул мүнөзүңдү, өзүңдү оңдоо үчүн өзүңө берген мүмкүнчүлүгүң жана өзүң үчүн бөлүнгөн убакыт болот. Өзүң үчүн бөлүнгөн бир же жарым күндүк убакыт, сизди алдыга умтулууга, аракетчилдикке, унуткан нерселерди эстөөгө себепчи болот. Акпай турган суу көпкө узабай жыттанып, балыр басып эскирип кетет эмеспи. Биз, аккан суудай бололу. Жеңижок акын айткандай.
Минимализм деген түшүнүктү көпчүлүк билсе керек. Терминдин маанилерине кирбей эле койойун. Азга канаат деп айтсак да туура болгудай. Сиздерден сураныч, бул жазууну окугандан кийин үйгө барып бир көз чаптырып көрөлү. Сизге жакпаган же көптөн бери колдонулбай бирок, ары-бери ташып жүргөн буюм барбы үйдө, карап көрөлү. Болсо, анда алардан кутулуу керек. Муктаж болгон башка бирөөлөргө берели. Гардеробдогу кийилбей жаткан кийимдерди да тараталы. Ага-ини, эже-сиңди, туугандар менен бөлүшүү керек. Ишке жарабаган нерселердин сиз үчүн пайдасы жок. Арабызда плюшкиндер болсо, аларга сөзүм жок.
Акыркы айтаарым, өзүңө ишен жана өзүңдү сүйө бил. Көпчүлүгүбүз “өзүмө өзүм жакпай турам” деп айтып калабыз. Капаланба. Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт. Адам баласынын табиятында бар, ката кылуу. Жашоодо кетирген кичинекей каталарга такалып, өзүңдү “эч нерсе кыла албайм”, “мен үчүн бул иш кыйын” деген пикирлер менен кемсинте бербе. Башыбызга ар кандай апаат-кырсык келиши мүмкүн же жаңылыштык кылышыбыз мүмкүн. “Бул күндөр да өтөөр кетээр” дегенге кээде кулак төшөп койуу керек. Биз, убакыт өткөрүп картайуу үчүн эмес, убакытты толтуруп, өнүгүү үчүн жашайбыз.
Бул сөздөрүм алгач өзүм үчүн даярдалган болсо да, сиздер менен да бөлүшкүм келди. Баарын кыла албасак да биразына аракет кылалы. Эң негизгиси биз, эмне себептен жаратылган болсок, ошол себеп үчүн жашайлы.
Жакшылык Жанибек Уулу