Воскресенье, 23 июня

ФЕТОнун анабашы дайынсыз болууда

0

Түркиянын соттору тарабынан “Фетуллахчыл террор уюму” деп таанылган ФЕТОнун жетекчиси Фетхуллах Гүлен дайынсыз болууда. Гүлендин АКШнын Пенсильвания штатындагы хансарайы ээн калды. Кирип чыккандар менен катар ал жерде жашагандар да көрүнбөйт. Демейде турчу унаалар жана хансарайдын аймагын кайтарган полиция кызматкерлери да жок.

15-июль 2016-жылкы төңкөрүш аракетинен кийин ФЕТОнун жетекчиси тууралуу маалымат барган сайын азайган. Мурдараак Гүлендин жээни Эбуселеме Гүлен таякесинин уурдалганын айткан жайы бар. Ошондон кийин эле уюмдун башкы кеңсесине баруулар токтоп, хансарайдын айланасындагы конок үйлөрү бошотулган.

ФЕТОчулар жыш жашаган аймактагы жергиликтүү соодагерлер, лагерге эч ким келип-кетпегенин ырасташса, хансарай сатыкка коюлганы тууралуу кептер да айтылууда.

ФЕТОнун лидери Фетхуллах Гүлен кайда экени тууралуу түрдүү божомолдор бар жана бул тууралуу кызуу талкуулар сүрүүдө.  Гүлендин жээни Эбуселеме менен топтун башка мүчөлөрүнүн билдирүүлөрүнүн ортосунда карама-каршылыктар бар. Айрымдар Гүлендин ден соолугунан улам тынч жерге которулганын айтышса, ал эми топтун кээ бир мүчөлөрү Гүлендин кайда экени ачыкка чыгарышы керектигин баса белгилешүүдө.

Фетуллах Гүлендин табышмактуу жоголушу жана ФЕТОнун башкы кеңсесиндеги жымжырттык коомчулукта чоң кызыгууну жаратууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз