Пятница, 20 сентября

Кайсы министрлер менен директорлор сөгүш жана эскертүү алышты?

0

Кайсы министрлер менен директорлор сөгүш жана эскертүү алышты?
Биздин министрлер менен мамлекеттик жогорку кызматты аркалаган чиновниктерибиз иштебей эле, галстук тагынып, отчет берүүнү эле жакшы өздөштүрүшкөндүгүн эл эбак эле айтып келүүдө. Анткен менен бул жумада адатта оор басырыктуу премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев да коомчулуктун мындай пикирине кошулуп, чоролоруна каттуу чара колдонду. Ал тургай айрымдарына сөгүш жана эскертүү берди. Алар кимдер?
Тейлеген багыттары боюнча жетишсиз иши жана 2018-жылга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-чаралар планынын пункттарын тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн:
— Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратовго;
— Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага;
— Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттигинин директору Адилбек уулу Шумкарбекке;
— Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимовго;
— Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбековага;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевге сөгүш жарыяланды.
Тейлеген багыттары боюнча жетишсиз иши жана 2018-жылга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-чаралар планынын пункттарын тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн:
— Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директору Жолдошбек Жунушевге;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Миграция мамлекеттик кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжановго;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун төрагасы Марат Калиевге;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовго эскертүү берилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз