Пятница, 17 мая

Кыргызстанда көк бөрү боюнча Дүйнө чемпионаты өтөт

0

Кыргызстанда көк бөрү боюнча Дүйнө чемпионаты өтөт
Жакынкы жылдары Кыргызстанда көк бөрү боюнча Дүйнө чемпионатын жана Азия биринчилигин өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, Улуттук спортту өнүктүрүү программасын даярдалып жатат. «Ал программа кабыл алынганда, биз дагы быйыл болбосо, эмдиги жылы Дүйнө биринчилигин жана Азия чемпионатын Кыргызстанда өткөзүүнү сүйлөшүп, даярданып жатабыз. Бул турнирлер Ысык-Көлдө өтөт. Бардык шарттарыбыз дагы, мүмкүнчүлүгүбүз дагы бар. Келебиз деген командалар дагы бар», — деп билдирди Аманкулов.
Астанада кабыл алынган чечим тууралу сөз кылып, Аманкулов ал чечим кыргыз көк бөрүсүнө балта чапты же таасири тийди деген пикирден алыспыз, — деп кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз