Воскресенье, 5 мая

Иран атомдук келишимден баш тартаарын жарыялады

0

Ирандын өкмөтү атомдук келишим боюнча акыркы чектөөлөрдөн баш тартаарын жарыялады. Бул келишим 2015-жылы Иран жана эл аралык алтылык ортомчулар ортосунда түзүлгөн.
Тегеран санкциялар алынса баштапкы милдеттерин аткарууга даярдыгын белгиледи жана мындай чечимди жогорку даражалуу генерал Касем Сулайманинин өлтүрүлүшүнө да байланыштырды.
“Иран атомдук келишим боюнча чектөөдөн толугу менен баш тартат, биринчи кезекте бул центрифуг санына байланыштуу. Мындай кылуу менен иран атомдук программа өндүрүш жаатында эч кандай чектөөгө алынбайт, ошондой эле иликтөө жана программаны андан ары өнүктүрүү да каралат”, — деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.

Иран бийлиги өлкөгө салынган санкция алынып, кызыкчылыгы корголсо келишимдеги милдеттерин аткарууну улантаарын кошумчалады.
Аны менен катар Ирандын ТИМинин расмий өкүлү Аббас Мусави Тегеран АКШны Касем Сулайманинин өлүмүнө жооп бердиртүүгө жетишиши керектигин да билдирген.
Эки күндөн бери Тегеран менен Вашингтон генерал Сулейманинин өлүмүнө байланыштуу бирин бири коркутууга алууну улантып келишет. Дональд Трамп Америка Иранга санкция салаарын, ошондой эле америкалыктарга кол салуу болсо 52 иран объектилерине чабуул жасоого даяр экендигин жар салган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз