Воскресенье, 5 мая

Европанын лидерлери Иракты АКШ менен эмес, террористтер менен күрөшүүгө чакырды

0

Меркель, Макрон жана Джонсон Иракты ИМ менен күрөшүүгө чакырды
Германиянын канцлери Ангела Меркель, Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсон Иракты “Ислам мамлекети” менен күрөшүү боюнча эл аралык коалицияны колдоону улантууга чакырды.

Лидерлердин биргелешкен билдирүүсүн бундестагдын расмий өкүлү Штеффен Заберт Твиттердеги баракчасына жарыялады.

“Ислам мамлекети” менен күрөшүүдөгү коалицияны сактоо өтө маанилүү. Биз иран мамлекеттик кызматтарын коалицияга зарыл жардамдарды берип турууга чакырабыз”, — дешкен лидерлер.
Белгиленгендей лидерлер “аймактардагы коркунучту жоюу максатында” бардык тараптар менен ымала түзүүнү улантышууда.

Буга дейре Ирак өкмөтү парламенттин чет өлкөлүк аскерлерди өлкө аймагынан чыгаруу жана АКШ жетектеген ИМ менен күрөшүү боюнча коалиция менен карым-канташты үзүү тууралуу чечимин ишке ашырууга даярданып баштаганы маалым болгон.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз